КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттигинин директору -Эльчибек Нуржадиевич Джантаев КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана КР ЖКнын регламенти боюнча комитетинин көчмө жыйынына катышып, тармактык комитеттин кароосуна «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун сунуш кылды.
КР ЖКнын тармактык комитети киргизилген мыйзамдын долбоорун карап чыгып биринчи окууда кабыл алды.
О.э. жыйындын жүрүшүндө аталган агенттиктин директору Э.Н. Джантаев журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
Агенттиктин директору аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу менен кызмат адамдарына стимул берерин белгиледи.
P.S.
КР ЖКнын тармактык комитетинин көчмө жыйыны Бишкек шаарындагы Парк Отель мейманканасында өттү.