Түштүк Кореядагы магистратура программаларына кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ агенттиги)  Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлерди жана мамлекеттик сектордун кызматкерлерин “KOICA 2022 стипендиялык программасы” алкагында магистратура программаларына  кабыл алуунун башталгандыгын жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты — Кыргыз Республикасындагы адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү.

Окутуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, аймактарды өнүктүрүү, каржы жана салык саясаты, соода жана өнөр жай саясаты, электрондук өкмөт, экономикалык өнүгүү, айыл чарба, энергетика, авиация ж.б.у.с. тармактарда өтүлөт.

Программанын негизги талаптары: жогорку билим, англис тилин билүү, мамлекеттик/муниципалдык кызматта, мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажынын болуусу жана жаш курагы (мүмкүн болсо) 40 жаштан ашпоосу керек.

Документтердин пакетин 2022-жылдын 4-марты саат 17:00гө чейин Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304 каб. дарегине жөнөтүңүз.

Документтердин пакетин, анкеталардын формаларын, ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg сайтынан (“Кызматкерлерди окутуу – Чет өлкөдөгү узак мөөнөттүү курстар” бөлүмүнөн) тапса болот.

Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

(0312) 62-04-12, +996 554 209 663, Тариэл уулу Шамил