Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү, анын ичинен төмөнкүлөрдү билүү:

— презентацияларды уюштуруу;

— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндөгү маалыматтарды берүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонуу;

— веб-конференц-байланышты уюштуруу тиркемелерин колдонуу;

— видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу;

— вируска каршы программаларды колдонуу;

— шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;

— логин жана пароль коюу;

— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү, анын ичинен төмөнкүлөрдү билүү:

— тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

— издөө системаларын колдонуу;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндөгү маалыматтарды берүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонуу;

— веб-конференц-байланышты уюштуруу тиркемелерин колдонуу;

— видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу;

— вируска каршы программаларды колдонуу;

— шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;

— логин жана пароль коюу;

— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

Борбордук аппарат

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (мамлекеттик сатып алуулар сектору)

1) Кесиптик билим деңгээли:

— экономика багыты боюнча “Экономика жана башкаруу”; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит: бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илим” жаатында жогорку билим;

— мамлекеттик сатып алууларга окуу боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси (1-бөлүгү);

— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндо жобо;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-б буйругу менен бекитилген Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттык конкурстук документация.

           

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (мамлекеттик сатып алуулар сектору)

1) Кесиптик билим деңгээли:

— экономика багыты боюнча “Экономика жана башкаруу”; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит: бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илим” жаатында жогорку билим;

— мамлекеттик сатып алууларга окуу боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндо жобо;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-б буйругу менен бекитилген Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттык конкурстук документация.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (Бобрбордук аппарат)

1) Кесиптик билим деңгээли:

— экономика багыты боюнча “Экономика жана башкаруу”; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит: бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илим”; маалыматтык технологиялар, фундаменталдуу информатика жана маалыматтык технологиялар, прикладдык математика жана информатика багыты боюнча “Физикалык-математикалык илимдер жана фундаменталдуу информатика” жаатында жогорку билим.

— мамлекеттик сатып алууларга окуу боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын жарандыгы”; “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо.

          

Региондор аралык бөлүмдөр

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

06-01 региондор аралык бөлүмү (Алай району)

1) Кесиптик билим деңгээли:

—  бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илимдер”; бардык багыттар боюнча “Экономика жана башкаруу”; бардык багыттар боюнча “Физикалык-математикалык илимдер жана фундаменталдуу информатика”; бардык багыттар боюнча “Табигый илимдер” жаатында жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

— Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодекси;

— “Кыргыз Республикасынын жарандыгы”; “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”; “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек аралык режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелери.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Региондор аралык бөлүмдөр: (01-01 Ленин району, 01-02 Октябрь району, 01-03 Биринчи Май району, 01-04 Свердлов району, 08-07  Токмок ш. жана Чүй району, 08-01 Аламүдүн району, 08-08 Ысык-Ата району, 08-02 Жайыл району, 08-04 Москва району, 08-06 Сокулук району, 09-05 Каракол ш., 09-01 Ак-Суу району, 07-03 Манас району, 04-02 Ала-Бука району, 02-01 Ош ш., 06-04 Кара-Суу району, 06-06 Өзгөн району, 06-05 Ноокат району, 06-01 Алай району, 06-03 Кара-Кулжа району, 06-07 Чон-Алай району, 03-01 Баткен ш., 03-02 Кадамджай району, 03-04 Лейлек району, 03-05 Сүлүктү ш.

1) Кесиптик билим деңгээли:

—  бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илимдер”; бардык багыттар боюнча “Экономика жана башкаруу”; бардык багыттар боюнча “Физикалык-математикалык илимдер жана фундаменталдуу информатика”; бардык багыттар боюнча “Табигый илимдер”; бардык багыттар боюнча “Педагогикалык билим”; бардык багыттар боюнча “Транспорттук техника жана технологиялар”; бардык багыттар боюнча “Архитектура жана курулуш” жаатында жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

— “Кыргыз Республикасынын жарандыгы”; “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо.

 

Конкурска катышуу үчүн көктөмөгө тиркелген (папка-Дело №) төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгону же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, негизги жана кошумча билимин (болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

паспорттун көчүрмөсү.

           

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 24-февралынан тартып 10-мартын кошуу менен, саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 381 дареги боюнча КР СӨМ КЖААКДнын кадр иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, 504-иш бөлмөсү, телефон: 30-00-22.