КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча
департаменти кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат
орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды белгилейт:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР
МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ
КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙЛАР
МЕНЕН ИШТӨӨ ДЕПАРТАМЕНТИ
ДЕПАРТАМЕНТ ПО ОБРАЩЕНИЮ
С ХВОСТОХРАНИЛИЩАМИ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ
ЧРЕЗВЫЧАЙНЫХ СИТУАЦИЙ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №
120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
— “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу
жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.
-Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү.
3.2 Билгичтиги:
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды
колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
—кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу
кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
-өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3 Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды
тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин
ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде
ишкердик кат алышуу;
— тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
4. Кызматтык милдеттери
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
-жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону
камсыз кылуу;
-кызматтык этика ченемдерин сактоо;
-мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында
ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык
маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын
деңгээлин сактоо;
-ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же
макулдашуу;
-жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү,
ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу
аткаруу;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу
зарыл:
— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо
баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө
маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4-4 даана;
-паспорттун көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий
наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды
башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү
керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 5-сентябрына чейин
кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу
зарыл.
Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.