Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик
администрациясы улук жана кенже административдик кызмат орундарынын
кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна
жалпы квалификациялык талаптар:
Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн
жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы
мыйзамдарды:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word,
Excel, жана башка Microsoft Office программалары, «TOKTOM Mamleket Pro»
маалыматтык-укуктук системасы).
Санариптик компетенттуулукко ээ болуу жаатында мамлекеттик
кызматчыларга коюлуучу квалификациялык талаптар:
Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштѳѳ:
Ыктуулугу:
– текст, графика жана таблица түрүндѳгү редакторлор менен иштѳѳ;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ (кайрадан ат коюу, кѳчүрүү,
кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
– сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу;
– дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);
Компьютердик жана социалдык түйүндѳрүндѳ иштѳѳ: маалыматты издѳѳ, алмашуу жана
сактоо (Интернет, эл.почта ж.б.);
Ыктуулугу:
– электрондук каттарды алуу жана жѳнѳтүү;
– издѳѳ системаларын пайдалануу;
– ар түрдүү браузерлер менен иштѳѳ.
Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндѳрдѳ бири-бирине
сыпайы мамиле менен аракеттенүү.
Маалыматтардын чоң кѳлѳмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана
иштеп чыгуу.
Ыктуулугу:
– маалыматтын ѳзгѳрүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында
маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү;
– статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл
алууга колдоо кѳрсѳтүү үчүн маалыматты жаратуу;
– файлдардын ѳлчѳмүн кысуу жана маалыматтардын чоң кѳлѳмүн жѳнѳтүү/кабыл алуу.
Маалыматтарды жана билдирүүлѳрдү кѳрсѳтүү.
Билими жана ыктуулугу:
– презентацияларды уюштуруу;
– эсептѳѳлѳр менен байланыштуу сан түрүндѳгү маалыматтар менен иштѳѳ;
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндѳ кѳрсѳтүү.
Колдонмо программалык продуктылардан жана сервистерден пайдалануу.
Ыктуулугу:
– КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу;
– Веб-конференц-байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерден пайдалануу;
– видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана кѳрсѳтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу.
Текстке түзѳтүү киргизүү жана аны редакциялоо.
Уюштуруу техникасы менен иштоо боюнча ыктуулугу:
– кѳчүрмѳ аппараттары;
– принтер;
– сканер;
– проектор жана интерактивдүү тактай;
– факс.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү мамлекеттик
саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү.
«Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик транформациялоо концепциясынын
негизги жоболорун жана мыйзамдарын билүү:
– электрондук башкаруу жѳнүндѳ;
– электрондук колтамга жѳнүндѳ;
– жеке мүнөздөгү маалымат жѳнүндѳ.
Маалыматтык коопсуздук.
Ыктуулугу:
– вируска каршы программаларды колдонуу;
– шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;
– логин жана пароль коюу.
Компьютерде иштѳѳдѳ маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билим денгээли:
– экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
– айыл чарба багытындагы жогорку билим;
– архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;
– табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;
– энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
– башкаруу багыттагы жогорку билим ;
– саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим
– педагогикалык багыттагы жогорку;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим ;
– социалдык багыттагы жогорку билим;
– маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.
2. Иш тажрыйбасы жана стажы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле,
тиешелүү тармактагы мыйзамдар):
— КР сынын Эмгек кодекси;
— КР сынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
— КР сынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
— КР сынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
— КР сынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү
тууралуу” Мыйзамы
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билим денгээли:
– экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
– айыл чарба багытындагы жогорку билим;
– энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
– башкаруу багыттагы жогорку билим ;
– саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим
– педагогикалык багыттагы жогорку;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим ;
– социалдык багыттагы жогорку билим;
– маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.
2. Иш тажрыйбасы жана стажы:
– иш стажына талаптар коюлбайт.
3.Кесиптик компетентүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле,
тиешелүү тармактагы мыйзамдар):
— КР сынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
— КР сынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”
Мыйзамы;
— КР сынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу
керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта
дареги көрсөтүлсүн):
-Жеке арыз;
-паспорттун көчүрмөсү;
-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
– өмүр баяны;
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
(бар болсо);
– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы.
Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Араван райондук мамлекеттик
администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адис У.Пиратовго тапшыруу
зарыл.
Дареги: Араван району, Араван айылы, Ленин көчөсү №1 (Араван райондук
мамлекеттик администрациянын 3-кабаты, 18-кабинет) Документтерди тапшыруу
мөөнөтү:
Сурап-билүү телефону: (03231) 5-08-09, 5-08-07, 5-08-04.
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды
берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.