Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык конкурс жарыялайт

I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.
3.2. Билгичтиги:
— Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;
-Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;
-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

II. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.
3.2. Билгичтиги:
— Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;
-Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;
-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2022-жылдын 12-июлуна чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385