Манас районунун Уч-Коргон айылдык кенешинин Кыргыз Республикасынын «Административдик муниципалдык кызмат орундуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Манас районунун Уч-Коргон айылдык кенешинин кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы кызмат (жооптуу катчы )ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
1) Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы кызмат (жооптуу катчы) үчүн
— Жогорку кесиптик билим
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы
-негизги текст
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
• Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
• Кыргыз Республикасынын “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укукутук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “ Кызыкчылыктардын какгылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын мамлекттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “ Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-предметтик
• Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү кеңештердин дептутаттарынын статусужөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттонунун тартиби жөнүндө” типтүү Жобосу;
• Адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекттик жана расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдары өз убагында аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдү башкаруу( баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапатуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;
маалыматы талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамлелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушуулардын өкөрүнүн, элдин алдында сүйлөнүн ыкмаларын билүү,
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык прродуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-00 дан 17:00 гө чейин тапшыруу керек.
Дареги: Манас району, Кызыл- Жылдыз айылы, О.Төрөгелдиев көчөсү №14, Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0772 21 47 75, 0557 70 83 17