Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже кызмат тобун ээлөөгө.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Административдик мамлекеттик жарандык кенже кызмат орундары үчүн К-Б (жалпы мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция» секторунун адиси):
1). Кесиптик билим деӊгээли:
– жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникaлык илимдер.
2). Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптарды койбостон.
3). Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүүсү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
- Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди.
— билгичтиги :
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
— Көндүмдөрү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо) ;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келген документтерди жана маалыматтарды жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17-30га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү №123, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,
телефон: (03459) 2-25-63, мобилдик номер: 0505916808.