Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн төмөндөгү бош кызмат ордуна КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ! Көк-Бел айыл өкмөтүнө төмөндөгү 2 бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт. 1.Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, У-А тайпасына-1 орун 2.Маалымат компьютердик технологиялар адис, К-Б тайпасына-1 орун Конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар: Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, У-А тайпасына-1 орун 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Маалымат компьютердик технологиялар адис, К-Б тайпасына-1 орун 1) кесиптик билимдин деңгээли: – мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн – тийиштүү багыттагы жогорку билим; – муниципалдык кызматчылар үчүн – тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди; – билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынака катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар: 1.Конкурстук комиссиясынын атына жазылган арыз; 2.Өздүк каттоо баракчасы; 3.Диплом көчүрмөсү (нотариус жактан күбөлүндүрүлүш кк) 4.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариус жактан күбөлүндүрүлүш кк) 5.Паспорттун көчүрмөсү, 3*4 өлчөмүндө 4 дааны сүрөт; 6.Резюме; 7.Өмүр баян (соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымдайт) Конкурска катышуучулардын документтери гезитке чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы М.Жумаева кабыл алат. Сурап билүү телефону:0220-87-53-70 кайрылсаңыздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунуна конкурс жарыялайт