Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы №521 «Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына ылайык республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс жарыялайт.

Муниципалдык резерв — шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Муниципалдык резервди түзүүнүн максаты — шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын бош кызмат орундарына кыйла квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрларды өз убагында дайындоо.

Муниципалдык кадрлар резервине конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

1) документтерди кароо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
3) аңгемелешүү.

Ченемдик укуктук актылартын тизмеси: тиркемеге ылайык.

Муниципалдык резервге төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде (мындан ары — Улуттук резерв) тургандардын;
— квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.

Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурстук тандоого катышууга каалоосун билдирген жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар аңгемелешүүгө киргизилет.

Муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн тийиштүү квалификациялык талаптар белгиленген.

Иш стажына квалификациялык талаптар:

Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 7 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.

Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 5 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 3 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.

Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басарынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 3 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы – тиркемеге ылайык форма боюнча;
— резюме сүрөтү менен – тиркемеге ылайык форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана/же кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин жана анын орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн документтер кагаз тигилүүчү папкага (скоросшивателге) салынып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү дарек боюнча кагаз түрүндө тапшырууга тийиш: Бишкек шаары, Чүй пр.,122, каб. 304, 314 (Панфилов көчөсүнөн кирүү).

Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел. 660149, 620412, 624214

Дарек: Бишкек ш., Чүй пр., 122 (1-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (0312) 62-08-90, 62-05-49, 62-08-14.

Дарек: Нарын ш., Ленин көч., 76 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03522) 5-23-00, (0708) 32-43-25, (0774) 17-09-18

Дарек: Талас ш., Бердике Баатыр көч., 287 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат)
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03422) 5-48–99, (0773) 10-90-97

Дарек: Каракол ш., Абдрахманов көч., 105 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03922) 5-05–65, (0554)41-49-19, (0707)41-40-19

Дарек: Балыкчы ш., Токтосунов көч., 47 (Социалдык фонддун имараты, 3-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03944) 5-06–32.

Дарек: Ош ш., Ленин көч., 105 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03222) 5-66-15, 5-50-76, (0220) 00-48-00, (0558)86-86-34

Дарек: Баткен ш., Т. Сыдыков көч. (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.:(03622) 5-02-93, (0777) 21-26-36

Дарек: Жалал-Абад ш., Эркиндик көч., 11 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 1-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:

Тел.: (03722) 2-45-66, 2-43-06, (0778) 79-79-05.