Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс жарыялайт.

Конкурс үч этап менен өткөрүлөт.

Биринчи этап – талапкерлердин документтеринин стажы, билими жана иштин тармагы боюнча квалификациялык талаптарга ылайык экендигин изилдөө.

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө.

Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түздөн-түз аңгемелешүү этабына киргизилет.

Квалификациялык талаптар:

— жогорку билим;

— райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким кызмат орунуна: жалпысынан 7 жылдан кем эмес мамлекеттик же/жана муниципалдык кызмат орундарындагы иш стажы, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы, ошондой эле ишмердиктин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчи иш тажрыйбасы бар адамдар.

— райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары кызмат орунуна: жалпысынан 5 жылдан кем эмес мамлекеттик же/жана муниципалдык кызмат орундарындагы иш стажы, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы, ошондой эле ишмердиктин башка чөйрөлөрүндө 5 жылдан кем эмес жетекчи иш тажрыйбасы бар адамдар.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы – тиркемеге ылайык форма боюнча;
— резюме сүрөтү менен – тиркемеге ылайык форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана/же кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Документтерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшыруу зарыл:

Бишкек ш., Чүй пр., 122, каб. 304, 314 (Панфилов көчөсүнөн кирүү).

Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел. 660149, 620412, 624214

Дарек: Нарын ш., Ленин көч., 76 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03522) 5-23-00, (0708) 32-43-25, (0774) 17-09-18

Дарек: Талас ш., Бердике Баатыр көч., 287 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат)
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03422) 5-48–99, (0773) 10-90-97

Дарек: Каракол ш., Абдрахманов көч., 105 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03922) 5-05–65, (0554)41-49-19, (0707)41-40-19

Дарек: Балыкчы ш., Токтосунов көч., 47 (Социалдык фонддун имараты, 3-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03944) 5-06–32.

Дарек: Ош ш., Ленин көч., 105 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.: (03222) 5-66-15, 5-50-76, (0220) 00-48-00, (0558)86-86-34

Дарек: Баткен ш., Т. Сыдыков көч. (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 2-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:
Тел.:(03622) 5-02-93, (0777) 21-26-36

Дарек: Жалал-Абад ш., Эркиндик көч., 11 (КРӨ Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 1-кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:

Тел.: (03722) 2-45-66, 2-43-06, (0778) 79-79-05

Ченемдик укуктук актылартын тизмеси: тиркемеге ылайык.

Сайт: www.mkk.gov.kg.