Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жана талапкерлердин ортосунда аңгемелешүү болуп өттү

          Бүгүн, 2021-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жана талапкерлердин ортосунда аңгемелешүү болуп өттү. Отуздан ашык талапкер конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бүйүрүн кызыткан бардык суроолоруна жооп беришти.

          Конкурстук комиссиянын курамында КР Президентинин Администрациясынын, Мамлекеттик кадр кызматынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү бар. Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс туруктуу негизде жүргүзүлөт.

         Маалымат иретинде: Улуттук резерв – мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
         Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.

 

         КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы