Кыргыз Республикасынын   “Мамлекттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына,  “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органынын  жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органынын  мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Президентинин   2022-жылдын   2-февралындагы № 24 Жарлыгына  ылайык, Ак- Суу райондук билим берүү бөлүмү административдик мамлекеттик Улук топтогу кызмат ордуна  (Башкы адиси) жана Кенже топтогу кызмат ордуна (Жетектөөчү адиси)  кызматкерди тандоо максатында 2024-жылдын  1- мартынан 2024-жылдын 10- мартына чейин ачык конкурс жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн  талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Башкы адистике –

  1. Кесиптик билимдин деӊгээли: педагогикалык жогорку билими
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:
    • Билим — КРнын Мыйзамдары:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүндө
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
  1. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
    • Билими — “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” , “Башталгыч кесиптик билим берүү”, “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы №72 токтому, “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө”.
    • Билгичтик –
  • Маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • Аналитикалык документтерди даярдоо;
  • Тармакка тиешелүү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана практикада колдонуу;
  • Кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Жаӊы эмгек шарттарына көнүү;
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды колдонуу;
  • Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштуү;
  • Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын колдоно билүү

 

  • Көндумдөр
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Ишти туура пландаштыруу жана убакытты туура бөлүштүрүү;
  • Башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
  • Компьютердик жана оргтехникалык жана керектүү программалык жөндөмдөргө ээ болуу;

 

Жетектөөчү  адистике –

1     Кесиптик билимдин деӊгээли: педагогикалык жогорку билими

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажы боюнча талаптар коюлбайт

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:
    • Билим — КРнын Мыйзамдары:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

 

  1. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
    • Билими — “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “1-4 класстын окуучуларын тамактандыруу жөнүндө”, КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы №72 токтому, “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө”.
    • Билгичтик –
  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата — мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана практикада колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу:
  • Командада иштеше билүү;

 

  • Көндумдөр
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Компьютердик жана оргтехникалык жана керектүү программалык жөндөмдөргө ээ болуу;

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

 

  • Жеке арыз
  • Өздүк баракча, 2 даана сүрөт (3х4)
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
  • Өздүк таржымал
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (эгер бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Скоросшиватель.

 

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду:

 

Дареги: Ак- Суу  райондук билим берүү бөлүмү.

Ак- Суу району, Теплоключенка айылы, Т. Сыдыкбеков көчөсү № 92

 

Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын  1- мартынан 2024-жылдын

                                        10- мартына чейин

 

Байланыш телефону: 03948  92-3-36, 0709458858