(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу  секторунун

башкы адиси)

 

 

улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын  кадрлар резервин  түзүү үчүн  башкы административдик мамлекеттик  кызматынын ордуна  ачык сынак жарыялайт:

(Аппарат жетекчисинин кызмат ордуна)

Башкы  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, баардык профилдеги багыттар боюнча.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы,
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “ Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы.
  8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы
  9. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз  Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  «Мамлекеттик тил жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» , Кыргыз Республикасынын  “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

-Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

— көндүмдөрү:

-Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); -Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2024-жылдын 12-мартынан  тартып, 2024-жылдын 26-мартына,  саат 17:00 го  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53.

тел. 2-43-85, 0701123178