Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик
жарандык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына
кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,
Юриспруденция, Финансылык, экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык,
Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика
тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат
стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,
«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы
аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы
№65 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана
муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу жөнүндөгү” Жарлыгы.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы
№61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана
муниципалдык кызматчыларын ротациялоо жөнүндөгү” Жарлыгы.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
№24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндөгү”
Жарлыгы.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
— ” № 120 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти
жөнүндө” №233 токтому.
— Билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды
иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо,
мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары
үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз
убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу
үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— Көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда
тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын
жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген
кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо,
кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,
кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында
сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык
продуктуларды колдоно билүү.-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон
деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– өздүк арыз;
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү
менен);
– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана
кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Арыз берүүнүн мөөнөтү 2023-жылдын 7-августунан баштап 17-августуна
чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү),
сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана
маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.