Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик  башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1) Башкы кызмат орундары үчүн:

  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык багытта жогорку билим;
  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

2) Улук кызмат орундары үчүн:

— экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты, техникалык, энергетика жана электротехника, транспорттук техника жана технология багыты, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багыты боюнча жогорку билим.

— гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

  • жогорку билим/экономика, гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо, юридикалык, техникалык багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
  • иш стажысына талап коюлбайт.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  • Башкы кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчыктардын кагылышуусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдары,

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы  “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”  № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”, “Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби” Жоболору

 

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери багыты:

  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Административдик аймактык түзүлүш жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳ» Мыйзамдары,

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы  “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”  № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”, “Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби” Жоболору

— КРӨ 24.07.№462 “Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби” жѳнүндѳ нускама;

Экономика багыты:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Расмий статистика жөнүндө”, «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамдары;

Агроөнөр жайын өнүктүрүү багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ», “Ветеринария жѳнүндѳ”, “Айыл чарбасын ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” Мыйзамдары;

Өнөр-жай, курулуш, транспорт, энергетика багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жѳнүндѳ», “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ”, “Кен жѳнүндѳ”, «Энергетика жөнүндө», “Транспорт жөнүндө” Мыйзамдары

Социалдык багыты боюнча:

—КР ««Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»», «Калкты социалдык жактан тейлѳѳ жѳнүндѳ», «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын гарантиялары жана укуктары жѳнүндѳ», “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳ”, «Маданият жөнүндө» Мыйзамдары.

 

Кенже кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Саламаттык сактоо багыты:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ”, «Калкты социалдык жактан тейлѳѳ жѳнүндѳ», «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын гарантиялары жана укуктары жѳнүндѳ», “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Туризм жөнүндө” Мыйзамдары.

Билим берүү багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ», “Жаштар саясаты жѳнүндѳ”, “Билим берүү жөнүндө”, «Мугалимдин статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдары.

Юридикалык багыт:

— Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө», “Улуттук коопсуздук жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Мыйзамдары.

Инвестиция тартуу багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдары.

Иш кагаздарды жүргүзүү жана уюштуруу багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдары.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелген):

– өзүнүн арызы;

— өздүк баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт (эс алуу, майрам күндөрүнөн башка). Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.

Дареги: Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көч. 53, 2-кабат.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03738)5-00-05,

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.