1. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмонкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, экология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу,  физика-математика илимдери; информатика технологиялары.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5  жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”;

3) Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;

4) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнундө” Мыйзамы;

9) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кармагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.

Предметтик мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”,  2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, токтомдорун, Кыргыз  Республикасынын Министрлер  Кабинетинин  2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жонүндө жоболорун.

 

3.2. Билгичтиги:

— аналитикалык, уюштуруучу жана башкаруучу жөндөмдүүлүгү,

— изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;

— маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо  боюнча башкарууну;

— кооптуу табигый кырсыктар мониторинги боюнча отчетторду түзүүнү;

— жылына басып чыгуучу божомолдоо материалдарды түзүүнү;

— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.

3.3.Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— башкармалыктын кызматкерлернин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

3.4.Кызматтык милдеттери:

— башкармалыкка коюулган талаптардын сапаттуу  аткарылышына жеке жоопкерчиликте болуп, иш-аракеттерин уюштуруу жана координациялоо;

— кооптуу табигый процесстерди изилдөөлөргө катышат,. кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жана болуп өткөн аймактарда изилдөөнү жана көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу;

— монитторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын  негизинде   кыска жана узак мөөнөттөгү божомолдорду даярдоо, алдын алуу боюнча китептерди, журналдарды басып чыгууну камсыздоо;

— КРнын аймагында кооптуу табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштери менен алектенген ведомстволор, мекемелер менен иш жүргүзүү;

-Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан каржылануучу коргоочу курулмаларды куруу жана авариялык калыбына келтирүү иштеринин планынын киргизүү үчүн сунуш кылынган объектилердин тизмесин түзүүгө катышат;

— өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрү боюнча компьютердик-картографиялык маалыматтар базасын түзүү жана Департаменттин божомолдук материалдарын картографиялык маалыматтар менен камсыздоо;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме;

-паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин жана кесиптик   билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

Документтерди 2022-жылдын 29-апрелине чейин КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБ департаментинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.   Байланыш телефону: 0558 789865,              0770  226277