Кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажга талап коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
— “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жɵнүндɵ”, “Аскердик жана альтернативдик кызматтар жɵнүндɵ”, “Согуштун, куралдуу күчтɵрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жɵнүндɵ” мыйзамдарын билүусү зарыл.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– конкурстук комиссиянын тɵрагасынын атына жазылган жеке арызы;
–кадрларды каттоо баракчасы;
– 3х4 ɵлчɵмүндɵгү сүрɵт
– паспорттун кɵчүрмɵсү(оригиналы сынакка келген маалда кɵрсɵтүлɵт)
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– жогорку билиминин тастыктаган дипломунун кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек)
– эмгек китепчесинин кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек)
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндɵн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Корумду айылынын Орозов кɵчɵсү №100 дарегинде кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыңыздар. (03943) 30-0-19, 0708709401