КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН Жалал-АбаД РЕГИОНАЛДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын улук кызмат орундары үчүн: Мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы (С-А) – 1 штаттык бирдик. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы (С-А) – 1 штаттык бирдик. Мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси (С-Б) – 2 штаттык бирдик. Кесиптик билим деңгээли: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, жаратылыш таануу илимдери, маалыматтык технологиялар тармактарында жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү: Негизги мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Тармактык мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”. Бухгалтердик эсеп, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы (С-А) – 1 штаттык бирдик. Кесиптик билим деңгээли: – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, экономика, информатика жана маалымат технологиялары боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү: Негизги мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Тармактык мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Республикалык бюджет жөнүндө (тиешелүү жылга)”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомдору; 5) Бухгалтердик эсеп, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башкы адиси (С-Б) – 1 штаттык бирдик. Кесиптик билим деңгээли: – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, экономика жана маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү: Негизги мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Тармактык мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби; – Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштеген жылдары үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн эмгек стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо; – Бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына жана административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жобо; Талап кылынуучу документтер: өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, З.Жамашев көчөсү, 2 Байланыш тел.: (03722) 4-02-70, (0507) 170 787 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9:00 дөн 18:00 гө чейин кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагы