Көк-Жаңгак шаардык мэриясы улук топтогу  административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

 

  1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы “ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык  расписаниесин бекитүү  жөнүндө ” № 81 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
  2. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет.
  3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
  4. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт.
  5. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
  6. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:

1)    кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек;

2)    административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына;

3)    кесиптик компетенцияларга:

–       Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө;

–       кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).

  1. Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.

Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат.

Учурдагы жылда жогорку (орто, кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет.

Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

  1. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.

Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.

  1. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
  2. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.

 

Муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ

 

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы

№ 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

 

 

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 

Финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

–          Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы No 59 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси”-          Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы-          Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги No 27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы-          2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштегендиги үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн кызмат өтөгөндүгү үчүн стажды эсептөө тартиби жөнүндө” ЖОБО-          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 120 “Кош тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү чаралары жөнүндө” Жарлыгы

– Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

– Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Жер маселелери боюнча башкы адис (1 – штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Табият таануу илимдери, Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү, Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, Айыл чарба жана айыл чарба илимдери багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодекси “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси”
  • Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы
  • Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна ылайык)
  • Жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык)

– Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

– Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

                                                       

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

 

Сынака катышуу үчүн документтер kyzmat.gov.kg онлайн порталы аркылуу кабыл алынат.

 

Жөнөткөн документтери толук  эмес,  ошондой эле, белгиленген  талапка жооп бербеген жарандарга  конкурска катышууга  уруксат берилбейт.

    Конкурска катышууга уруксат берилгендерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү,  орду  жана  убактысы  кошумча  билдирилет.

 

Документтерди кабыл  алуу  Көк-Жаңгак шаардык мэриясында 2026-жылдын 5-июлунан  тартып 15-июлуна чейин  кабыл алынат. Дареги: Көк-Жаңгак шаары, Октябрьга 40-жыл бульвары № 4

wpChatIcon
wpChatIcon