Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

 

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого;

3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты  тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

 

Жогорку билим.

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

– билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

1)   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

 

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;;

7)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                    №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (предметтик тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын

билүү:

-“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;

 “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”;

– “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”;

-“Тынч чогулуштар жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

–   өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);

– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат (орто деңгээлден (В1)төмөн эмес.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 23-август күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

Байланыш телефондору: (03422) 5 3975,  0708 809698.

wpChatIcon
wpChatIcon