Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, улук кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

 

Квалификациялык талаптар: негизги

 

1.1.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
  • Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулука ээ болуусу.

1.2. Административдик кызмат орундарынын улук тобуна  финансы-экономика жана юриспруденция багыты боюнча:

Кесиптик билим деңгээли:

  • “Экономика жана башкаруу” чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билиминин “Экономика” багытындагы төмөндөгү адистиктери:
  • Бухгалтердик эсеп жана анализ;
  • Финансы жана кредит;
  • Экономист;

 

  • “Гуманитардык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
  • “Юриспруденция”;
  • “Персоналды башкаруу”;
  • “Мамлекеттик жана мунципиалдык башкаруу”

 

 

 

Иш стажы жана тажырыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

 Төмөнкүлөрдү билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралы ПЖ №25 “Иштеген жылдыры үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы;
  2. “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын
    1-августундагы №434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому;
  8. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын
    1-августундагы №433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому;
  9. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын
    14-апрелиндеги №223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;
  10. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2018-жылдын
    25-декабрындагы №137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.

 

Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

– статистикалык маалыматтарды өндүрүү;

– тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

– тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

– диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

– компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б);

– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

        Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартуу.

  

        Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
  • 1С Бухгалтерия программасын колдоно билүү (8:2 Версиясын)

 

1.3. Транспорт көзөмөл бөлүмүнүн административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

 

Кесиптик билим деңгээли:

  • “Техникалык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
  • “Жер транспортунун системалары” багытындагы “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистиги;
  • “Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо” багатындагы “Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу”. “Жол кыймылын уюштуруу”,

“Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук”,“Автомобиль транспортун эксплутациялоо” адистиктери;

  • “Транспорттук техника жана технология” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:

 

– Курулуш багытындагы “Автоунаа жолдору жана аэродромдору” адистиги;

  • “Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багытындагы “Автомобиль транспорту”, “Суу транспорту”, “Машина куруу” “Механизация”, Суу транспорту тармагында, анын ичинде деңиз, аскердик-деңиз;
  • Бажы иши;
  • Юриспруденция;
  • Инженердик технологиялык транспорттук процесстердин технологиясы;

Иш стажы тажырыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы  жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.

   Кесиптик компетенттүүлүгү:

  Төмөнкүлөрдү билүү

  1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодекси;
  2. “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  1. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майы №311 “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-декабрыдагы  № 678 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтому;

8.Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;

  1. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 “Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксааттарды жана көп тараптуу уруксааттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы №519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтому;

 

1.4.Транспорт ишмердүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

 

Кесиптик билим деңгээли:

1) “Техникалык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:

  • “Жер транспортунун системалары” багытындагы “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистиги;
  • “Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо” багатындагы “Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу”. “Жол кыймылын уюштуруу”,

“Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук”,“Автомобиль транспортун эксплутациялоо” адистиктери;

2)“Транспорттук техника жана технология” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:

  • “Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багытындагы “Автомобиль транспорту”, “Суу транспорту”, “Машина куруу” “Механизация”, Суу транспорту тармагында, анын ичинде деңиз, аскердик-деңиз;

3) Бажы иши;

4)Юриспруденция;

5)Инженердик технологиялык транспорттук  процесстердин технологиясы.

 

Иш стажы тажырыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы  жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.

   Кесиптик компетенттүүлүгү:

  Төмөнкүлөрдү билүү

 

  1. “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-декабрыдагы  № 678 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтому;

5.Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы №519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтому;
  2. “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы №724 “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;

 

Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

– статистикалык маалыматтарды өндүрүү;

– тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

– тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

– диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

– компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б);

– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

        Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартуу.

       

      Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

         Сынакка катышу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– жеке арыз;

– сүрөтү менен резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү     менен);

 

 

– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү;

– персоналды эсепке алуу баракчасы (толтурулган формада);

– жеке карта (толтурулган формада);

– аскердик билеттин көчүрмөсү;

– соттолбогондугу жөндүндөгү тактама;

– сүрөт 3х4 4 даана;

– өздүк иш үчүн папка;

– талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы  №759 Токтому менен белгиленген форма боюнча).

Сынакка катышуучу жарандар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Сынакка катышууну каалаган  жарандар 2026-жылдын  8-июнунан 17-июнуна
чейин папкага салынган документтерин Жалал-Абад шаары  Ш.Абдраманов  көчөсү 10 (Индустриальная)  №5  кабинетине, иш күндөрү саат 9.00дөн 17:00гө чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар ачык конкурска катышууга жол берилбейт. Кошумча маалымат үчүн тел: (03722) 5-01-74

wpChatIcon
wpChatIcon