Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 21 жаштан кем эмес; 3)кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө. 1.Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна: Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 8. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; 9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 1.1. Энергетика багыты боюнча квалификациялык талаптар 1.Кесиптик билим деңгээли: -энергетика боюнча жогорку кесиптик билим. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3.Кесиптик компетенциялар: 3.1.Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУАларды билүү: -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти; -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти; -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” жобо. 3.2.Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; -башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; -өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатакты чечүү. 3.3.Көндүмдөр: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды жана иш ыкмалары издөө); -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана чогултуу; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; -компьютердик жана оргтехникалык, керектүү программалык продуктылар менен иштөө. 2. Административдик кызмат орундарынын улук тобуна: Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; 3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама. 2.1. Энергетика багыты боюнча квалификациялык талаптар 1. Кесиптик билим деңгээли: -энергетика боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенциялар: 3.1.Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУАларды билүү: -Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти; -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти; -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө” жобо. 3.2. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – энергетика системасынын түзүмүн жана иштөө принциптерин түшүнүү, электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана сатууну камтыган жабдуулар; – тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3. Көндүмдөр: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; -электр энергиясын өндүрүүнү жана пайдаланууну рационалдуу кеңейтүүнүн негизинде өлкөнү электрлештирүүнү камсыз кылуучу өндүрүш (анын ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып иштеп чыгуу режиминде өндүрүү), электр энергиясын берүү, электр энергетикасында оперативдүү диспетчердик башкаруу, электр энергиясын сатуу жана керектөө процесстери жөнүндө түшүнүү жана көндүмдөргө ээ болуу; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу бере алышат. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “е-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Документтер 2026-жылдын 8-октябрынан тартып 21-октябрын кошо эсептɵɵ менен кабыл алынат. Маалымат алуу үчүн тел.: 67-01-78 (Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы). ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги