Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде бош административдик муниципалдык кызмат орундарына жана башкы жана  улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн

 

Сынак жарыялайт:

 Талас районунун  Бекмолдо айыл өкмөтүнүн төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат орундарына  сынак  өткөрүлөт:

–  административдик   муниципалдык   кызмат  орундарынын   башкы  тобун  элөөгө;

–  административдик   муниципалдык  кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

Бош административдик муниципиалдык кызмат орундарына киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18  жаштан жаш болбоого;

3) КР ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

5) компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word/ Excel/ Интернет).

 

  • Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу (Жооптуу катчы.   Башкы кызмат (Г-Б) — 1 -орун) үчүн:
  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана\ же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  • Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Каржы – экономика бөлүмүнүн башчысы. Улук кызмат (С-А) 1-орун) үчүн:
  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— Экономика жана башкаруу, финансылык  багыттагы жогорку билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

  • Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Жер, турак- жай, коммуналдык  маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси. Улук кызмат (С-Б)  1-орун) үчүн:         
  1. Кесипттик билимдин денгээли:

— жогорку кесиптик билим.

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлеттик жана\ же  муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем же

болбосо тиешелүү кесипттик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

  • Административдик кызмат орундарынын улук тобу (маалымат базалары жүргүзүү боюнча    башкы адис. Улук кызмат (С-Б) 1-орун) үчүн:       
  1. Кесиптик билимдин деъгээли:

— жогорку  кесиптик билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлеттик жана\же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем же

болбосо тиешелүү кесипттик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

  • Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Кирешелер боюнча башкы адис. Улук кызмат (С-Б) 1-орун) үчүн:       
  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку  билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлеттик жана\же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес

же  болбосо тиешелүү кесипттик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

— бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

— кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);

— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды  сынакка  катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күн ичинде саат 9:00дон  17:30 га чейин тапшыруу керек. Дареги: Талас району, Сасык-Булак айылы, Жумагул уулу Алымкул көчөсү №50,  Бекмолдо айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. 0708 44 94 76