Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун башкы тобундагы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө.

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик муниципалдык башкы кызмат орунуна негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускамасын.

 

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

                   төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ №308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо;

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий    тилдерди билүү.

 

     билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

 

     көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө

тиркелип тапшырылат:

 

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  саат 9:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде 2024-жылдын 11-январдан тартып 2024-жылдын 25-январга чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

Байланыш  телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71