Кенже кызмат ордуна (жергиликтүү маанидеги маселелер блок) төмөндөгү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди Билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө; Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 10-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Теплоключенка айылы, Ленина көчөсү, 154; биринчи кабат Теплоключенка айыл өкмөтү. Кошумча маалыматты айыл өкмөтүнүн кабылдамасынан алса болот. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. атк. Джумабаева Б.Р., тел.(03948) 91591; (0500) 369 922; (0550) 190 360 Жазуулар боюнча багыттоо Тон районунун Кажы-Сай айыл ѳкмѳтү муниципалдык административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Теплоключенка айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт: