Башкы кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
улук кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (юрист үчүн юридикалык);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
кенже кызмат ордуларынын кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерин
Тоң району, Көл-Төр айылы, И.Бектемиров көчөсү №16. Дарегине тапшыруу керек.
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнү кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыӊыздар:
(03947) 6-01-82 жана (0705) 12-57-73.
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.