Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт: – конкурстун катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык карап чыгуу; – мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү; – маектешүү. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна карата жалпы квалификациялык талаптар: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – социалдык, гуманитардык жана табигый илимдер, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жана педагогика жаатындагы жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: -Жогорку билим; – иш стажына талаптар жок. Жалпы мыйзамдарды билүү: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; З) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар. Предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; 2) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; 2) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – жеке арыз; кадрларды каттоо баракчасын; резюме (анын ичинде электрондук почта); автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек). Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү: сынак жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде. Толтурулган документтер кагаз түрүндө Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына С.Орозбаев көчөсү 3 дареги боюнча саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн (03944) 5-00-34 телефону аркылуу кайрылыңыз. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: