Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар :
Кесиптик билиминин денгээли:
-жогорку билим (Геодезия жана жерге жайгаштыруу ,Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча ,Юриспруденция,Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу ,Айыл чарба Ветеринардык,Гуманитардык,Педагогикалык,Техникалык айыл чарба багыттары боюнча )
Иш стажы жана тажрыйбасы :
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү :
төмөнкүлөрдү билүүсү :
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары
Билгичтиги:
-Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу
-эмгектин жаны шарттарына көнүү
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Көндүмдөрү :
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү программалык
продуктыларды колдоно билүү
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орунуна коюулуучу квалификациялык талаптар :
Кесиптик билиминин денгээли :
-жогорку билим же орто кесиптик билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча
Иш стажы жана тажрыйбасы :
-Иш стажына талап коюлбайт
Кесиптик компетенттүүлүгү :
төмөнкүлөрдү билүүсү :
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө”
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
— “Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
— Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Көндүмдөрү :
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү программалык
продуктыларды колдоно билүүсү
Конкурстук документтер :
1.Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз
2.Кадрларды каттоо баракчасы ,өздүк делосу
3.Резюмеси
4.Өмүр баяны
5.3х4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт
6.Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт )
7.Нотариустан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү
8.Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү
Конкурстук документтер жарыяга чыккан (жарыя берилген) күндөн баштап 10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн конторасында кабыл алынат .
Маалымат үчүн тел : 03622 6-04-23, 0770514663