Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобундагы кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик муниципалдык орундун улук тобуна

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускамасы.

 

 

  1. Административдик муниципалдык орундун улук тобу учүн — 1 штаттык бирдик (Социалдык маселелер боюнча сектор башчысыУ-А)

 

Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер жана гуманитардык илимдер, маданият жана искусство, саламаттыкты сактоо багытындагы жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

       төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамы;

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык орундун улук тобу үчүн -1 штаттык бирдик    (Экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси У-Б)

 

Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, статистика, математика, колдонмо математика, салык жана салык салуу, банк иштери багыттары боюнча  жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

    төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

 

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө:  

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобонун негизинде иш алып баруу;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамында белгиленген талаптарын сактоо менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерди жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө

тиркелип тапшырылат:

 

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— талапкердин инсандыгы автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тастыкталат (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  саат 9:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде 2024-жылдын 2-июлдан тартып 2024-жылдын 16-июлга чейин тапшыруу керек.

   Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

   Байланыш  телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71