Тегерек столго саясат таануучу, эксперттер Шерадил Бактыгулов, Марс Сариев,  Айболот Айдосов, Кыргызстан эл аралык университетинин этнология институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров, Евразия стратегиялык изилдөөлөр Борборунун директору Бактыбек Жумагулов, жана агенттиктин жооптуу кызматкерлери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев административдик аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый ресурстарынын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу, анын негизинде айыл аймактардында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана калктын бакубаттуулугун камсыздоо экендигин белгиледи.

Ал маалымдагандай, жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжасында  республикадагы 452 айыл аймагы 235 аймакка бириктирилди. Шаарларын саны 32ден 33кө көбөйдү, анын ичнен эки шаар областтык маанидеги шаар макамын алды.

Жаңы түзүлгөн айыл аймактарынын потенциалын жогорулатуу жана ишине дем берүү үчүн жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарына жана шаарларга 10 млн. (он миллион) сомдон кошумча каражаттарды бөлүү пландалууда.

Реформанын негизиндее айыл өкмөттөрүнүн штатында коомдук коопсуздук, саламаттык сактоо, мал чарбачылыгы, жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү, IT технологиялары боюнча адистер алына тургандыгы каралган. Мисалга алсак, мал чарбачылыгы боюнча адис, вакцинация, асыл тукум, чарба, малды маркалоо, малдын башы, мал чарба продукциясын сатуу, жайыт иштери ж.б. маселелерде алып барылуучу иштерди координациялайт.

Айыл өкмөт башчыларына ишти натыйжалуу, ыкчам алып баруу үчүн контракттык негизде кошумча кызматкерлерди алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.

Айыл башчылары да контракттык негизде кабыл алынат. Контракттык негизде кабыл алуу конкурс өткөрүү сыяктуу тоскоолдуктарды жоюп, кызматкерлерге коюлган талаптар жеңилдейт. Ошол эле учурда, бул кызматка калк арасында кадыр-баркы бар адамдар тандалышы керек.

Мурда айыл башчыларынын эмгек акылары бир топ аз болсо, учурда алардын эмгек акысы 28 900 сомдон жогору белгиленди. Ага кошумча, бийик тоолуу жана алыс жайгашкан айылдарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк, эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акынын өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул жана орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы каралды.

Административдик-аймактык реформанын негизги максаттарынын бири  калктын бакубаттуулугун камсыздоо болгондуктан, кызмат көрсөтүүнү санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Агенттик тарабынан “Санарип аймак” маалымат системасы боюнча тийиштүү иш-чаралар күчөтүлгөн. “Санарип аймак” максаты – республикадагы бардык жашоочулардын маалыматын бир базага киргизүү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” тутумуна 268 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинен 235 айыл өкмөтү жана 33 шаар туташкан.

Өз кезегинде эксперттер административдик-аймактык реформа зарылдыгы көптөн бери көтөрүлүп, бирок реалдуу аракеттер жасалбагандыгын белгилеп, учурдагы реформа туура багытта бараткандыгын белгилешти. Шерадил Бактыгулов айыл аймактарынын социалдык өнүгүү программаларына көңүл буруп, зарыл учурда республикалык бюджеттен колдоону кечиктирбөө керектигине токтолду.

Марс Сариев жергиликтүү кландардын, авторитеттердин айыл өкмөтүнүн ишине тоскоолдук жаратпашы үчүн ирилешүүнүн жана айыл өкмөт башчыларынын сырттан келгендигинин оң жактарын белгиледи.

Тарыхчы катары Табылды Акеров административдик реформа учурунда өткөн кездеги, өзгөчө соңку жаны тарыхыбыздагы катачылыктарга жол бербөө керектигин айтты.

Бакытбек Жумагулов да реформа жүргүзүүдө классикалык ыкмаларды улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө ылайык алып баруу туура болоорун айтып өттү.

Тегерек столду жыйынтыктап жатып, Кубайберген Базарбаев учурдагы реформа адамга багытталганын, бардык кызмат көрсөтүүлөр адамдын жашоо шарттарын жакшыртууга, муниципалдык кызматты алуудагы ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын белгиледи.