(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу 

секторунун адиси)

 

Кенже  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим  (юриспруденция, экономика жана башкаруу)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген                                                                                                                                                                          «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,

ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамын,

Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамын,

Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”,

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”    билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга  жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

-кызматтык милдетерге ылайык өз ишин натыйжалуу  пландаштыруу;

-жарандардын карылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий  тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө;

— көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди  көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн

2024-жылдын  10-октябрынан тартып  2024-жылдын 01-ноябрына    саат 17:00 го  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53.

тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552