Аталардын жолун улай
Бүгүн, тарых музейинде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 20- жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
2004 – жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги түзүлгөн.
20 жылдын ичинде Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргузүп келүүдө.
Иш-чарага, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурланбек Асанбекович Азыгалиев Агенттикти жана мамлекеттик кызматкерлерге куттуктоо сөзү менен кайрылып, ийгилик каалашты. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Агенттиктин экс-директорлору, республиканын бардык аймактарынан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө: «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын эмгегин баса белгилеп, алардын эмгегинин баалуулугун көрсөтүү менен быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө Жарлыгына ылайык, улуттук интеллигенциянын алдыңкы бөлүгү, кыргыз элинин мыкты уулдары, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон кайталангыс тарыхый инсандар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев экенин белгилеп, азыркы учурда жогоруда аталган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчү аталарынын изи менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К. Ташиев, олуттуу реформаларды жүргүзүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коопсуздугун бекемдөөгө чоң салымын кошууда”,-деп айтып кетти.