Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы, башкармалыктын кадрлар резервине киргизүү үчүн

 ачык конкурс жарыялайт

 

Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын улук  тобуна (У-А, У-Б категориялары) жана кенже тобуна (К-А, К-Б категориялары) бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондук бөлүмдөрүнө жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл  шаардык бөлүмдөрүнө) кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан кем эмес;

3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (У-А, У-Б категориялары):

  1. Кесиптик билим берүүнүн деңгээли:

— «экономика жана башкаруу», «физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика», «эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар»  багыттары боюнча жогорку кесиптик билим

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик  же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим: — негизги тест үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

  1. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

 

  1. “Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары ” жөнүндө Мыйзамы;
  2. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

  1. 6. Кыргыз Республикасынын Министрлер каибинетинин 2020-жылдын 3-мартындагы №120-

Токтому менен кабыл алынган  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы;

— предметтик тест үчүн:

— «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

— «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы Жарлыгы ПЖ №278 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндөгү жобо.

Билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө;

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

— кеңсе техникасы менен иштөө;

— сканер менен иштөө;

— проектор же интерактивдүү такта менен иштөө

Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

— негизги текст үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды (ЧУА) милдеттүү түрдө билүү:

— предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды (ЧУА) милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Расмий статистика жөнүндө»;

2.»Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;

  1. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы Жарлыгы ПЖ №278 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндөгү жобо.

 

 

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (К-А, К-Б категориялары):

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— «Экономика жана башкаруу», «физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика», «эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар» багыттары боюнча жогорку билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбастан;

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим: — негизги текст үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын;

2.»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер каибинетинин 2020-жылдын 3-мартындагы №120-

Токтому менен кабыл алынган  “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама”

— предметтик тест үчүн:

— Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика» Мыйзамы;

— «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

Билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны

практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө;

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун

колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

— издөө системаларын колдонуңуз;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара

аракеттенүүгө;

— кеңсе техникасы менен иштөө;

— көчүргүчтөр менен иштөө;

— принтер менен иштөө;

— сканер менен иштөө;

— проектор же интерактивдүү такта менен иштөө;

— факс менен иштөө.

Билгичтик:

Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Ачык конкурстун катышуучулары көрсөтүлгөн дарекке жана мөөнөтүндө төмөнкү документтерди беришет:

(төмөнкү ырааттуулукта бириктиргичке илинген)

-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;

— административдик кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өмүр баян  (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер кабыл алынат:

Күнү: 2024-жылдын 12-ноябрынан баштап, 2024-жылдын 25-ноябрына  чейин (25-ноябрь күнү да кошулат).

убактысы: саат 9.00 дөн 17.00 гө чейин (тыныгуу 12.00 дөн 13.00 гө чейин);

дареги: Жалал-Абад ш., Мамыр Баатыр көч., 58. (облустук статистика башкармалыгынын имараты), 2-кабат, 9-кабинет. Ишемби жана жекшемби күндөрдөн  тышкары.

Байланыш номерлери: (03722) 5-17-60,  (0990)081163.

Кененирээк: stat.kg, mkk.gov.kg