улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
улук топтору үчүн (ветеринар)
- Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
- Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.
Жөндөмдүүлүк:
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
кенже топтору үчүн (ветеринар)
- Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
- Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.
Жөндөмдүүлүк:
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- жеке арызы;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
- резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
- өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттуулугу тууралуу маалымкат;
- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин
Каракол шаардык ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Каракол шаары Орозбекова көчөсү №85, телефон: (0-3922) 5 52 93, e-mail: karakolgfvu@mail.ru.