Бакай- Ата районунун  Бакай-Ата  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 2- февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” № 24  Жарлыгынын    негизинде  башкы улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

  

Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун мамлекеттик сатып алуулар жана IT технологиялары боюнча, ээлөөгө;

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;

2) соттуулугу жок;

3) 18 жаштан жаш болбоого;

 

Бакай-Ата  айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана IT технологиялар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • тийиштүү багыттагы жогорку билими (экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептоо техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык, табият таануу илимдери.).
  • иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тийишелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:
  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө » Мыйзамы

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата  айылы,  Манас көчөсү №46, Бакай-Ата  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. 0707 18 87 64.