Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, КР ТИМинин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт:
1.Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы;
2.Кадрдык саясат бөлүмүнүн үчүнчү катчысы;
3.Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаментинин башкы адиси;
4.Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаментинин адиси;
5.Төртүнчү саясий департаменттин атташеси;
6.Консулдук департаменттин атташеси;
7.Эл аралык укук департаментинин атташеси;
8.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту — Баткен ш.);
9.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту — Жалал-Абад ш.);
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1.арыз (бош кызмат ордун жана тестирлөө тапшыруу үчүн чет тилин так көрсөтүү менен);
2.сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
3.өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
4.резюме;
5.3х4 өлчөмдөгү сүрөт (2 д.);
6.паспортунун көчүрмөсү (ID);
7.зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү).
Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык саясат бөлүмүнө конкурсант тарабынан жеке кийинки дарек боюнча берилиши зарыл: Бишкек шаары, Абдумомунова к., 207.
Документтер 2025-жылдын 14-мартынан тартып 28-мартын камтуу менен иш күндөрү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат (түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин). Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 66 52 59 телефондору аркылуу, КР ТИМинин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот.
Эскертүү: талаптарга жооп берген конкурсанттар сынакка катышуу үчүн чакырылат, андыктан байланышуу үчүн колдонуудагы электрондук почта дарегин берүү зарыл. Сынак боюнча маалымат электрондук дарекке жиберилет жана КР ТИМинин www.mfa.gov.kg расмий сайтына жүктөлөт.
Бош кызмат орундарына квалификациялык талаптар
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (үчүнчү катчы, башкы адис).
1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.
2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3. Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын
кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (атташе, адис)
1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.
2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3. Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (У-Б) — 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу/физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика/табигый илимдер,
— гуманитардык жана табигый илимдер боюнча магистр даражасы барларга артыкчылык берилет;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1
жылдан кем эмес, же иш стажы тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
— «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
— Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис же кытай тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жүргүзүү;
-опурталдуу кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
-формалдуу жана формалдуу эмес жагдайда/жазуу жана оозеки түрдө пикирди/позицияны баяндоо, талкуулоо жана жактоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
-жетекчиликтин чечимдерин ыкчам ишке ашыруу жана аларды аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдердин кесепеттерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо;
-иштиктүү баарлашуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билүү;
-юриспруденциянын негиздерин билүү;
-компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Кадрдык саясат бөлүмүнүн үчүнчү катчысы бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (У-Б) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
— Дипломатиялык мамилелер жөнүндө1961-жылдагы Вена конвенциясын;
— Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— жапон же корей тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди түзүү;
-маалыматты талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана контролдоо департаментинин башкы адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(У-Б) -1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку кесиптик билим-техникалык, программалык инженерия жана/же колдонмо математика.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын кибер коопсуздугу жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 «Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө» токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 «Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтомун.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис же немис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— коопсуздук журналдарын талдоо жана чечмелөө;
— тармак түзмөктөрүн иштетүү жана башкаруу, ошондой эле тармактагы көйгөйлөрдү диагностикалоо жана жоюу;
— эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
көндүмдөрү:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-аналитикалык документтерди, отчётторду жана иш пландарды түзүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдына чыгып сүйлөө;
-өзүнүн иш-аракеттерин кызматтык милдеттерине ылайык натыйжалуу пландаштыруу;
-конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
-мамлекеттик, расмий жана чет (англис) тилдеринде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
-архивди системалаштыруу жана калыптандыруу;
-локалдык эсептөө системаларын башкаруу, компьютердик жана уюштуруу техникаларын системалык тейлөө;
-коопсуздук жаңжалына натыйжалуу жооп кайтаруу жана иликтөө иштерин жүргүзүү;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей (АИС СЭД) билүү;
-Операциялык тутумдар (Linux, Windows, macOS) жана алардын коопсуздугу жөнүндө терең билим;
-Функциялык милдеттерине ылайык англис тилин билүү;
-Криптографиянын жана маалыматтарды коргоонун негиздери;
-Коргоо принциптери жана кол салууларды алдын алуу жолдору;
-Тармактык экрандар (firewalls), кол салууларды (IDS/IPS) аныктоо жана алдын алуу системалары менен иштөө;
-Фишинг, DDoS — чабуулдар, зыян келтирүү программалары, APT-коркунучтар ж. б. сыяктуу киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу коркунучтарды түшүнүү;
-Коопсуздук мониторингин жана талдоо жүргүзүү үчүн Wireshark, Metasploit, Nmap ж. б. сыяктуу ар кандай шаймандарды билүүсүнө жана бул багытта иш тажрыйбасынын болуусуна артыкчылык берилет.
Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана контролдоо департаментинин адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(К-А) — 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык, социалдык илим жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүүсү:
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүүгө);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— француз тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
көндүмдөрү:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-аналитикалык документтерди, отчётторду жана иш пландарды түзүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-өз ишин кызматтык милдеттерине ылайык натыйжалуу пландаштыруу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдына чыгып сүйлөө;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
-мамлекеттик, расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
-архивди системалаштыруу жана калыптандыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей (ЭДЖТ АМТ) билүү.
Төртүнчү саясий департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) — 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланыш түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— араб тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндөгү иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди түзүү;
-маалыматты талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Консулдук департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) — 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Тышкы миграция жөнүндө»;
-«Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
-«Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
-«Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө»;
-«Нотариат жөнүндө»;
-«Жарандык абалдын актылары жөнүндө»;
-«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КРдин бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө 1969-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамасын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 267-б буйругу менен бекитилген чет өлкөдө жүргөн КР жарандарын каттоо жана консулдук эсепке алуу тартибин;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамасын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 токтому менен бекитилген КРдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү)
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис же немис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү багыттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Эл аралык-укуктук департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(К-А) -1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «Юриспруденция/укук таануу», «Эл аралык укук» адистиги боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
— Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө 1969-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар, эл аралык келишимдер менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продукттар менен иштей билүү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(иштөө пункту — Баткен ш.)
(К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— эмгек стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
-«Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүү);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-маалыматты жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-тиешелүү жааттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; — иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; — эмгектин жаңы шарттарына адаптациялоо.
көндүмдөрү:
-жумушчу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
-аналитикалык документтерди түзүү;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продукттар ( «Infodocs», Word, Exel, АСКИД, АКСЕСС) менен иштей билүү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар(иштөө пункту — Жалал-Абад ш.) (К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
-«Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
— мамлекеттик тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүүгө);
— Кыргыз Республикасынын расмий тилин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
— англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-маалыматты жыйноо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; — иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялоо.
көндүмдөрү:
-жумушчу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
-аналитикалык документтерди түзүү;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
-компьютер жана уюштуруу техника, керектүү программалык продукттар менен иштей билүү ( «Infodocs», Word, Exel, АСКИД, АКСЕСС элекрондук документ жүгүртүү тутуму).