Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:

– жогорку билим;

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.

2) Тиешелүү мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Электрондук башкаруу жөнүнө” Мыйзамы.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

3) Административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ тобу үчүн:

– жогорку билим – мамлекеттик органдар үчүн; жогорку же болбосо орто кесиптик билим – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн;

– иш стажына талаптар коюлбайт;

4) Тиешелүү мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (диплом, түп нускасы да суралат);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, китепченин түп нускасы да суралат);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Талап кылынган документтер 2025 – жылдын   05-август күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.