Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар
Административдик кызматтардын башкы тобу үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызматтардын башкы тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– архив иши, документ таануу, тарых, юриспруденция, экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, филология (кыргыз, орус), IT технологиялар, кинематография жана үн режиссурасы, техникалык адистиктер жана саясат таануу багыттары боюнча жогорку билимге ээ болуу.
2. Иш стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
– адам ресурстарын башкаруу жаатында;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
Билгичтиктер:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табуу;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
– маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
– компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүсү керек:
– «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.
Билгичтиктер:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
– компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).
Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу бере алышат, өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн документтер) же кагаз форматында көктөлгөн документтер тиркелет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 14-октябрынан 24-октябрын кошкон күнгө чейин.
Көктөмөгө көктөлгөн документтерди саат 8:30дан 17: 30га чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек ш., Токтогул көч. 105, 26- иш бөлмө, телефон аркылуу маалымдама: 62-13-24.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.