Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы №626 токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө” № 81 токтомуна ылайык иштелип чыкты. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт: 1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларга: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча). Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат. Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат. Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмуунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана/ же орто билими жөнүндө дипломдо көрсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет. Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Жоош айыл өкмөттүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; адам ресурстарын башкаруу жаатында; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди. билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; кириш-чыгыш документтер менен иштөө; айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; инвестицияларды тартуу; бизнес долбоорлорду даярдоо; жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу. көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Жарандык абалдын актылары жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13 – февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндөгү” № 43 Жарлыгы; адам ресурстарын башкаруу жаатында; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди. билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; кириш-чыгыш документтер менен иштөө; айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; инвестицияларды тартуу; бизнес долбоорлорду даярдоо; жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу. көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси” Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл аттык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөтүнүн инвестиция жана жыйымдарды (салык) топтоо боюнча башкы адис кызмат орунда коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим – (Финансылык, юриспруденция, экономика жана башкаруу, укук таануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, гуманитардык, табият таануу илимдер, айыл чарба жана айыл чарба илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ”Жер кодексин”; Кыргыз Республикасынын ”Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын ”Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ”Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө» токтомун билүү. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; административдик тартип бузуулар менен иштөө; экологиялык бузуулар; жер мыйзамдарынын сактылышы; санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер жана саламаттыкты сактоо боюнча башкы адис – кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, саламаттыкты сактоо, табият таануу илимдери, финансылыкк, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын ”Үй-булө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын ”Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ”Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасыньтн “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын ”Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Документтер Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Кум-Арык айылы, Капар Адышев көчөсү №6 дареги боюнча, Жоош айыл өкмөтүнүн имаратында 2025-жылдын 19-мартынан 30-мартына чейин кабыл алынат. Сурап билүү үчүн 0702 62-05-02 телефону аркылуу кайрылууга болот. Жазуулар боюнча багыттоо Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат ордунун резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт