Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык,Таш-Мойнок айыл өкмөтү ички кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү административдик муниципалдык кызмат ордуна конкурс жарыялайт:
Административдик муиципалдык кызмат орундарына коюлуучу негизги талаптар:
Кыргыз Республикасынын жараны;
Соттуулугу жок;
18 жаштан жогору.

Башчынын орун басары (Б-А)

1) Кесиптик билим деңгээли:
жогорку билим:
2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
– Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Административдик аймактык түзүлүшү туралуу” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүүжөнүндө” Мыйзамы;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис – (У-Б)

1) Кесиптик билим деңгээли:
жогорку билим:
2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
• жеке арыз;
• кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;
• резюме (электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү менен);
• өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен);
• негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
• паспорттун көчүрмөсү.
Ачык конкурска андан аркы катышууга талаптарга ылайык келген документтерди тапшырган талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл.
Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2026-жылдын 28-апрелинен баштап 19-майга чейин тапшыруусу зарыл.
Дарек: Чүй облусу, Аламудүн району, Кой-Таш айылы, Аблесов көч. № 53.
Байланыш тел . 0312 45-28-75, 0500474811
Квалификациялык талаптардын баарына жооп берген талапкерлер конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун так көрсөтүү зарыл.
Кабыл алынган документтер кайтарылып берилбейт