Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт:
– административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу;
2. Кеминде 18 жашта болушу;
3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Жер маселелери боюнча башкы адис) үчүн:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– тийиштүү багыттагы жогорку билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, архитектура жана курулуш, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштыруу жана гидромерология, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, логистика жана ташуунун үзгүлтүксүздүгүн уюштуруу)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) негизги тест үчөн төмөнкү ЧУаларды милдеттүү түрдө билүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУаларды милдеттүү түрдө билүү
– Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Суу Кодексин,
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” ,“Жайыттар жөнүндө”,
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”,
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди
-билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта мамлекеттик «е-Kyzmat» порталы аркылуу жеке кабинети менен тапшыра алышат: е-Kyzmat

Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет:

– административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү;
 12- майынан 22-майына чейин саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон +996551002473