Эльчибек Джантаев жарандарды кабыл алуусун улантууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин укту.

Кабыл алууга келген жарандар негизинен кадр маселелери, жер маселелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына байланышкан суроолор боюнча кайрылышты. Ар бир жарандын кайрылуусу кылдат каралып, тиешелүү жардам көрсөтүү жана мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам көңүл буруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эл менен ачык диалог жүргүзүү Агенттиктин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, Агенттиктин директору жарандарды ар аптанын жума күнү саат 08:00дөн баштап туруктуу негизде кабыл алып келет.

#Мамкызмат #ЖергиликтүүӨзАлдынчаБашкаруу #КоомдукКабылдама #ЖарандардынКайрылуусу #Кыргызстан.