Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Ардактуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, мыйзамдуулуктун жана элдин бийликке болгон ишениминин бекем пайдубалы. Жаңы Кыргызстанды курууда сиздердин жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана мекенчилдигиңиздер өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу реформалар ишке ашырылууда. Алардын негизги максаты – жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган ачык, натыйжалуу жана заманбап мамлекеттик башкаруу системасын түзүү.
Мамлекет тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ушул жылдын сентябрь айынан тартып эмгек акыны жогорулатуу чечими кабыл алынып, кызматкерлердин жашоо деңгээлин жакшыртууга дагы бир маанилүү кадам жасалууда. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп, бул багыттагы иштер ырааттуу улантылууда.
Кызматкерлердин кесиптик дараметин өнүктүрүү дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Агенттик тарабынан окутуу, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, кызматкерлер кыска жана узак мөөнөттүү окуу программаларына, тажрыйба алмашуу долбоорлоруна катышып, жакынкы жана алыскы мамлекеттерде билим алып, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүдө.
Ошону менен катар мамлекеттик кызматка кабыл алууда ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында кенже кызмат орундарын тандоо үчүн жалпы мамлекеттик бирдиктүү санариптик база түзүлдү. Бул система адам факторунун таасирин азайтып, талапкерлерди меритократия принциптеринин негизинде калыс тандоого шарт түзүүдө.
Мамлекеттик кызмат – бул жөн гана кесип эмес, ал элге кызмат кылуу, мыйзамдуулукту сактоо жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алуу дегенди билдирет. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдун бакубат жашоосуна кошулган баа жеткис салым болуп саналат.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Ак эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар арта берсин!

Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

wpChatIcon
wpChatIcon