Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы ПЖ №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы жана улук топторуна конкурс жарыялайт:
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Билгичтиги жана көнүмдөрү:
1)билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
2) көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1) Жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
2)Билгичтиги жана көнүмдөрү:
Билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Каржы-экономикалык багыты боюнча:
кесиптик билимдин деңгээли:
– финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
предметтик мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
3.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Каржы-экономикалык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп сектору багыты боюнча:
кесиптик билимдин деңгээли:
– финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
предметтик мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
3.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Эл аралык кызматташтык багыты боюнча:
кесиптик билимдин деңгээли:
– эл аралык мамилелер, экология жана жаратылышты пайдалануу, лингвистика жана башка тиешелүү багыттар боюнча.
предметтик мыйзамдар:
1.“Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому;
2.“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №263 токтому менен бекитилген;
3.“Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы №817 токтому;
4.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет:
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча 2026-жылдын 23-июлунан баштап 1-августка чейин саат 18.00го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефондор: 904040 (1731).

wpChatIcon
wpChatIcon