Агенттикте IDI эксперти менен жолугушуу өттү

Агенттиктин директорунун орун басарлары Руслан Кубаталиев жана Барчынай Садирова ИНТОСАИнин Өнүктүрүү демилгесинин (IDI) эксперти Бенжамин Фуэнтес Кастро менен жолугушту.

Жолугушууга Агенттиктин башкармагы менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темасы — мамлекеттик органдардын отчеттуулугун күчөтүү жана Эсептөө палатасы менен өз ара кызматташууну өркүндөтүү.

Тараптар мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу, маалымат алмашуунун заманбап механизмдерин өнүктүрүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана эл аралык стандарттарды колдонуу маселелери боюнча пикир алышты.

Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылууда санариптик инструменттердин ролу талкууланды.

Агенттик мамлекеттик башкаруунун сапатын, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтыкты мындан ары да улантат.

wpChatIcon
wpChatIcon