Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы  мамлекеттик жарандык кызматынын улук административдик кызмат орунуна кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Улук административдик кызмат орундарынын тобу боюнча

 

 

Райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү  жана  саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт  боюнча сектор башчысы кызмат ордуна коюлуучу

квалификациялык талаптар (У-А)

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”).

 

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды.

 

Жалпы мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2021-жылдын 5-майы;

2.Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы 2021-жылдын 27-октябры №125;

4.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы

5.Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67; 5.”Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

6.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы           №120 токтомуна ылайык);

7.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы (2026-жыл).

 

Тиешелүү кызмат орду боюнча

иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

2.Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 10 “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 “Балдарды коргоо жөнүндө” Мыйзамы;

5.Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июнундагы № 132 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы.

 

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык -документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана -практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы;

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;

__эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

 

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКга жайгаштырылган күндөн тартып                         10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03734)5-00-05, 5-00-69.

 

Эскертүү:Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

wpChatIcon
wpChatIcon