Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы улук кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Экономика, ишкердикти колдоо, өнөр-жай жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис (1 штат бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Тоо-кен өнөр жайы, кен казып алуу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын “Улуттук статистика жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджет жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорун мыйзам чегинде терең анализдөө, текшерүү, оңдоо; – жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө жалпы көзөмөлдү жүргүзүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл: – жеке арызы; – резюме; – кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы; – сүрөт 4х6; – паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү; – аскердик билетинин көчүрмөсү; – өмүр баян (өз колу менен жазылган); – соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; – эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтери. Документтер жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде (акыркы күнү саат 15-00гө чейин) Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Б.Маткадыров көчөсү – 2, дареги боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 3-кабатында кабыл алынат. Байланыш тел.: 0777 06 99 96, 0705 06 99 96. Жазуулар боюнча багыттоо Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү