Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Чжанг Чжиын айым менен жолугушту «Менин айылым» долбоорунун кийинки этабы талкууланды Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Кыргыз Рееспубликасындагы Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Чжанг Чжиын айым (KOICA) жана долбоордун консультациялык тобунун (PMC) мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө «Менин айылым» долбоорунун долбоордон кийинки колдоо этабын ишке ашыруу, ошондой эле алдыдагы биргелешкен иштердин багыттары талкууланды. Руслан Кубаталиев KOICAга Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал долбоордун алкагында Жал, Чуңкур-Кыштак, Орто-Арык жана Жылуу-Суу айылдарында пландалып жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Аталган демилгелер жергиликтүү экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Менин айылым» долбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу жана мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө даяр экендигин билдиришти. #МенинАйылым #KOICA #ЖергиликтүүӨзАлдынчаБашкаруу #АйылӨнүгүүсү #Кызматташтык Жазуулар боюнча багыттоо ЭЛЬЧИБЕК НУРЖАДЫЕВИЧ, «ДАҢК» ОРДЕНИҢИЗ КУТ БОЛСУН!