Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук тобунун административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурсту жарыялайт Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: -Кыргыз Республикасынын жараны болууга; -21 жаштан кем эмес; -бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү. Жалпы квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. – экономика, физика-математикалык илимдер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, юриспруденция, эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим. Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -чет тилин билүү (артык); -компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк. Административдик кызмат орундарынын улук тобуна: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. – экономика, физика-математикалык илимдер, техникалык илимдер, юриспруденция, эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим. Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -чет тилин билүү (артык); -компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк. Ыктуулугу: – статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу; – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – презентацияларды уюштуруу; – таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга; – кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө; – аналитикалык документтерди даярдоо; – оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.; – тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin. Көндүмдөр: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; Предметтик мыйзамдарды билүүгө квалификациялык талаптар: 1)“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2)“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы; 6)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө” Жарлыгы; 7)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы”; 8)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 723 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасын жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; 9) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускама; 10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу бере алышат. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “е-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Документтер 2026-жылдын 30-сентябрынан 10-октябрына чейин кабыл алынат. Маалымат алуу үчүн тел.: 620535 кош. 156, 155, 154 (Персонал менен иштөө бөлүмү). ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Сууресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы